Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолукту.
Тараптар турак жай -коммуналдык чарба жана адистештирилген жабдууларды жеткирүү жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы менен Ташкент шаарынын мэриясынын ортосундагы байланышты жаңыртуу жана тереңдетүү маселелерин талкуулашты.