"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын директору Баимбет  Байгараев  ишкананын бөлүмдөрүнүн бардык жетекчилери менен  иш жыйын өткөрдү.

Жыйында  күз-кыш мезгилине  даярдык көрүү боюнча отчет  жана эпидемиологиялык абал, коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар каралды.

Азыркы учурда күз-кыш мезгилине  даярдык көрүү аяктоо алдында турат. Өткөн жумада башкы инженер баш болгон өндүрүштүк-техникалык бөлүмдүн, энергетика кызматтын кызматкерлеринин катышуусу менен отканалардын абалын текшерип чыгышты. 66 откананын  98% жылуулук берүү мезгилине даяр.

Жыйындын соңунда  директор бөлүм башчыларына  күн сайын отканаларды текшерүүнү жана ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана талаптарды катуу сактоону тапшырды. Кадрлар бөлүмүнө эмдөө алуу зарылчылыгы жөнүндө кызматкерлердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Анткени, эмдөө-коронавирустук инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча эң натыйжалуу ыкма.