Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев жакында Биринчи май районунун тургундары менен жолуккан.
Жолугушуу учурунда тургундар "Тынчтык" конушуна коомдук транспорттун чыгуу маселесин көтөрүшүп, борбор калаанын мэри тиешелүү кызматтарга бул маселени тез арада чечүүнү тапшырган.
26 -сентябрда Шаардык транспорт башкармалыгы маршрутту жарым -жартылай өзгөртүү менен №9 автобустун ишин жандандырды. Эми каттам "Тынчтык" конушу - Дордой базары - Дэн Сяопин көч. - Чүй - Тоголок Молдо - Саадаев - Киргизская көчөлөрү багытында каттайт.
Биринчи этапта линияда он бирдик автобус иштейт, бара -бара алардын саны 16 бирдикке көбөйтүлөт.