Ленин муниципалдык администрациясы COVID-19 инфекциясына каршы эмдөөнүн маанилүүлүгүн жактоону улантууда.
Атайын графикке ылайык, базарлардын, кичи базарлардын, тигүү ишканаларынын жана бизнес субъекттеринин жетекчилери менен коронавируска каршы эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө.
Биз ишкерлерди бардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди сактоого чакырабыз.
Бул багыттагы иштер улантылат.
Урматтуу шаар тургундары! Биз бардыгыңыздарды вакцина алууга жана белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге жана эрежелерди сактоого чакырабыз: беткап кийип, аралыкты сактап, антисептик колдонуп, бөлмөнү тез-тез желдетип туруңуздар.
Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!