26 -сентябрда "Ак илбирсти сактайлы" эл аралык жарым марафонуна байланыштуу жолдор жабылат.
26 -сентябрда саат 07:00дөн 10:00гө чейин 21 -чакырымда төмөнкү көчө тилкелери жабылат:
- Чүй проспектиси Манас проспектисинен Ю. Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов (Совет) көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;
- Иманалиев көчөсү Ю. Абдрахманов көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;
- Масалиев көчөсү Ю. Абдрахманов көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;
- Ч.Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.
Жолдорду жабуу 3 саатка созулат. Андан кийин көчөлөрдүн ачылышы кезек менен болот:
07:20 - Чүй проспектиси Эркиндик бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейин (Совет);
07:28 - Абдрахманов көчөсү (Совет) Горький көчөсүнө чейин;
07:43 - Байтик Баатыр (Совет) көчөсү Ахунбаев көчөсүнө чейин;
07:55 - Байтик Баатыр (Совет) көчөсү Масалиев көчөсүнө чейин;
08:11 - Масалиев (түндүк тарабы) көчөсү Совет көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;
08:25 - Байтик Баатыр көчөсү Иманалиев көчөсүнө чейин;
08:28 - Иманалиев көчөсү Айтматов проспектисине чейин;
08:52 - Айтматов проспектиси Масалиев көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);
09:08 - Масалиев көчөсүнүн тилкеси (түштүк тарабы) Айтматов проспектисинен "Ала-Тоо" ресторанына чейин;
09:22 - Айтматов проспектиси Ахунбаев көчөсүнө чейин;
09:35 - Айтматов проспектиси Горький көчөсүнө чейин;
09:46 - Айтматов проспектиси Москва көчөсүнө чейин;
09:51 - Айтматов проспектиси Чүй проспектисине чейин;
09:55 - Чүй проспектиси Тоголока Молдо көчөсүнө чейин;
10:00 - Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнө чейин;
11:00 - Орозбеков көчөсү Чүй проспектисинен Абдымомунов көчөсүнө чейин;
Абдымомунов көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Раззаков көчөсүнө чейин;
Раззаков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.
Урматтуу шаар тургундары, айдоочулар! Биз келтире турган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана маршрутуңузду алдын ала пландаштырууну суранабыз.