Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгында борбордун муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерине ижара укуктарын узартуу боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйында жеке жана юридикалык жактардын арызынын негизинде жер тилкелерин узартуу жана берүү маселелери каралды. Мындай комиссиялар жер тилкелерин ижарага берүүдөн борбордун бюджетин өз убагында толтуруу жана жарандардын жер укуктук мамилелери жаатындагы маселелерин ыкчам чечүү максатында айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Жер тилкесин пайдалануу укугун узартуу боюнча комиссияга 129 кайрылуу берилип, анын 18и оң чечилди. 35 кайрылуу кошумча изилдөө үчүн тиешелүү кызматтарга жөнөтүлдү.
Урматтуу ижарачылар! Биз сиздерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдалангандыгы үчүн ижара акысын өз убагында төлөөнү суранабыз.
Суроолоруңуз болсо, Бишкек шаары, Чокморов көчөсү №246 дарегиндеги Жер ресурстары башкармалыгына кайрылыңыздар. Байланыш телефону: (0312) 45-42-73.