Свердлов районунун башчысынын биринчи орун басары Алтынбек Маматовдун төрагалыгы астында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн камсыз кылган аймактык кызматтарды координациялоо боюнча райондук штабтын кезектеги жыйыны өттү.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн пландуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын камсыз кылуу, ошондой эле пенсия жана жөлөкпулдарды өз убагында берүү боюнча райондук кызматтардын маалыматы угулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн каржылоону, өз убагында аткаруу үчүн кошумча салыктык кирешелерди жана резервдерди табуу боюнча милдеттер коюлду.