Биринчи вице-мэр Максатбек Сазыкулов экологиялык чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолукту.
Жолугушууга "Эко деми" коомдук фондунун негиздөөчүсү Айжан Чыныбаева, шаардык кызматтардын жетекчилери, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, экология жана ден соолук жаатындагы эксперттер жана талдоочулар катышты.
"Арча демилгеси" АФнун директорунун милдетин аткаруучу Дмитрий Ветошкин борбор калааны жашылдандыруу боюнча бир катар иш- чараларды сунуштады, анын ичинде: бактарды кыюуга мораторий киргизүү, коргоого ылайыкташтырылган көчөттөрдү сатып алууга багытталган шаардык бюджеттин чыгымдарынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу.
Жолугушуунун жыйынтыгында Максатбек Сазыкулов "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасына экология секторунун өкүлдөрү менен бирге борборду жашылдандыруу планын иштеп чыгууну тапшырды.
Коомдук талкуу үчүн мындай аянтчалар үзгүлтүксүз уюштурулат.