Мелдештин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду «Дордой 2014» футболдук клубу, экинчи орунду «Улуттук футболдук борбору», үчүнчү орунду «Дордой 2005» футболдук клубу ээледи.


Оюндун соӊунда жеӊүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлүп, футболдун ардагерлери жеӊүүчүлөрдү кубок жана медалдар менен сыйлашты.


Аталган мелдеш ден соолукту бекемдөө, өсүп келе жаткан муунду дене тарбияга үндөө жана спортчу Нурлан Ниязалиевдин жаркын элесин түбөлүккө калтыруу максатында өткөрүлдү.


Аталган иш-чараны Бишке шаардык дене тарбия жана спорт комитети уюштурду.