Жолугушуунун жүрүшүндө Свердлов районунун аймагында терроризм жана дийин экстремизмдин пайда болушуна жол бербөө жана алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Свердлов районунун ИИБнын башчысынын орун басары Айбек Жайлообаев жашоочуларды сак болууга жана шектүү адамдарды  көрсө укук коргоо органдарына кайрылуусун айтты.

Иш-чарага РИИБнын башчысынын орун басары Мыктыбек Абдылдаев жана 10-бөлүмдүн башчысы С. Махмадиев катышты.