Эки тараптуу кызматташуунун негизги максаттары - Бишкекте футболду өнүктүрүү, клубдун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы кызматташуу.

"Алга-Бишкек" футболдук клубу - дене тарбия жана спорт башкармалыгынын структуралык бөлүмү, ал футболду жайылтууга, популяризациялоого жана өнүктүрүүгө, ишкердикти стимулдаштырууга жана колдоого, кыргыз футболунун баркын көтөрүүгө багытталган. Ошондой эле балдар менен өспүрүмдөрдүн ден соолугун чындоого жана ар тараптуу физикалык өнүгүүсүнө багытталган иштерин жүргүзөт.

"Алга-Бишкек" футболдук клубу Кыргыз Республикасынын Чемпионатында тизмеде биринчи болуп турат жана 18-сентябрда КР Кубогунун финалында ойнойт.