«Алтын-Ордо» жаңы конушунда мектептин курулушу уланууда.
Бишкек шаарынын вице-мэри Азат Узаков мэрдин тапшырмасы боюнча иш сапар менен жолугушуу өткөрүп, курулуп жаткан жаңы мектептин курулушун текшерди.
Мектептин курулушу 2021 -жылдын июнь айында башталып, график боюнча жүрүп жатат. Үч блоктун пайдубалы жана биринчи блоктун пайдубалын кайра толтуруу иштери аяктады. Азыр дубалдарды кыш менен көтөрүү иштери жүрүп жатат.
Мекеменин курулушуна 1,38 гектар жер бөлүнгөн. Мектеп бир сменада 480 окуучуну, бир класста 30 адамды кабыл ала алат.
Жаңы мектепте окуу класстары, даярдоо группалары үчүн класстар, процедуралык бөлмөлөр, устакана, медициналык кабинет, методикалык, техникалык бөлмөлөр жана санитардык бөлмөлөр, окуу, жыйындар, спорттук жана маалымдама -маалыматтык зал болот.
Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук- мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын сынагынын жыйынтыгы боюнча бөдрөтчү-"Ак-Бата" курулуш компаниясы аныкталды. Келишимге ылайык, объект Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын балансына өткөрүлөт.
"Алтын-Ордо" конушунда 6 миң 400 адам жашайт, алардан 2280 окуучу мектепке барат.
Эске салсак, 2021-жылдан 2023-жылга чейин: "Ак-Ордо", "Алтын-Ордо", "Рухий-Мурас" жана "Ак-Босого"жаңы конуштарын төрт орто мектеп куруу пландалууда, "Ак-Бата" конушундагы №43чү орто мектепке кошумча бир кеңейтүү, ошондой эле "Ак-Ордо", "Арча-Бешик", "Кара-Жыгач", "Дордой" жана "Келечек" жаңы конуштарына беш бала бакча куруу планы бар.