Октябрь районунун башчысы Мирлан Эшкожоев «Кок-Жар» жана "Алтын-Ордо"конуштарынын тургундары менен жолукту.
Тургундар бала бакчаларды, тротуарларды, жолдорду, инженердик коммуникацияларды, скверлерди, балдар аянтчаларын куруу жана көчөлөрдөгү жарыктандыруу маселелерин көтөрүштү.
Жолугушууда райондун башчысы жашоочуларга "Алтын-Ордо" конушундагы мектептин курулушу улантылып жатканын маалымдады. Мектеп үчүн 1,38 га жер бөлүнгөн. Жаңы жалпы билим берүү уюму 480 орунга бир сменага, бир класста 30 окуучу болуп эсептелген. "Алтын-Ордо" конушунда 6 миң 400 адам жашайт, алардын ичинен 2280 бала мектепте окушат.
Ошондой эле, 1, 4, 5, 7 жана 9 көчөлөрүнө шагыл төгүү уланууда. "Көк-Жар" жаңы конушундагы Чар көчөсүнө Конорчок көчөсүнөн 7-апрелге чейин шагыл төшөө иштери уланууда.
Жолугушуунун жыйынтыгында башчынын орун басары Өмүрбек Тайтелиевге тиешелүү кызматтар менен биргеликте "Алтын-Ордо"жаңы конушунун газ жана канализациянын люктарын аралыгын карап стандартка ылайыктуу көчүрүү маселесин карап чыгуу тапшырылды.