Бишкектеги карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесисинин тургундары Ысык-Көлдө эс алышат.
Бишкек шаардык мэриясынын колдоосу менен Бишкектеги карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекеменин 50 тургуну Ысык-Көлдө эс алышат.
Мекеменин кызматкерлеринин коштоосунда алар Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы "Алтын Булак" муниципалдык пансионатына барышты.
Мекеменин бардык жашоочулары бекер социалдык, медициналык, тиричилик кызматтары менен камсыз болушат, алар кийим -кече, бут кийим жана эң керектүү нерселер менен толук камсыздалып турат.