Свердлов районунун башчысы Бахтияр Карамшаков «Красный строитель» шаарчасынын жана Февральский көчөсүнүн жашоочулары менен жолукту.

Көчмө жыйынга аким менен бирге Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын, “Бишкексууканал” ӨЭБ, “Бишкекбашкыархитектура”, “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү катышты.

Жыйынтыгында жетекчи Элебесов көчөсү менен Февральский көчөсүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү жолдун белгилерин жаңыртууну, Февральский көчөсү аркылуу суу арыктар  тармагына көпүрө өтмөктөрүү курууну жана Февральский көчөсүндөгү суу арыктарын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.

Ошондой эле, «Красный строитель» шаарчасына аялдамаларды орнотуу, ачык дренажды тазалоо, көчө жарыктарын алмаштыруу, бак-дарактарга санитардык кыркуу иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.

Андан тышкары «Красный строитель» шаарчасынын аймагындагы канализациялык насостук станциянын иштөө тартиби менен таанышты.

Ар бир көйгөйлүү маселе эске алынып, толугу менен аткарылганга чейин райондун башчысынын көзөмөлүндө болот.