Бүтүндөй өлкө боюнча жарыяланган кеңири масштабдагы акциянын алкагында борбордо эмдөөнүн натыйжалуулугун түшүндүрүү иштери уланууда.
Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын буйругун аткаруу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун медицина кызматкерлери эмдөөнүн маанилүүлүгү жана зарылчылыгы тууралуу педагогикалык жамааттын ортосунда жолугушуу-семинарларды уюштурушту. Ошондой эле алар Бишкектеги билим берүү мекемелеринде каалочуларга эмдөөлөрдү жүргүзүшүүдө.
Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча акция башталгандан бери 44 мектепте жана бала бакчада 2012-адамдын катышуусу менен 44 семинар өткөрүлдү. 592 адам эмдөөдөн өттү.
Эскертсек, коронавирустук инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын тапшырмасы боюнча өлкөнүн бардык аймактарында 2021-жылдын 1-сентябрынан 10-сентябрына чейин кеңири масштабдагы акция өткөрүлөт.
Урматтуу шаардыктар! Коопсуздук чараларын, социалдык аралыкты сактаңыздар, коомдук жайларда, коомдук транспортто беткап кийиңиздер, эл көп чогулган жерлерге барбаңыздыр, эмдөө алыңыздар. Эмдөө - коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуунун эң эффективдүү ыкмасы. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!