Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары, Ленин районунда Тулпар картасынын жеңилдиктерин берүү боюнча тейлөө борборунун иштөө графиги өзгөргөндүгүн билдиребиз, бүгүн ал саат 13:00дө өз ишин баштайт.

Ошондой эле, Биринчи май районунун тургундары Тулпар картасын алуу үчүн Ленин районунда Чүй проспектиси, 315 дарегинде жайгашкан тейлөө борборуна кайрылса болот.

Октябрь районунун тейлөө борбору Байтик Баатыр №17 дарегинде  (Октябрь райондук администрациясынын имараты) жана Свердлов районунун тургундары Чүй проспектиси №28дарегинен  (Свердлов райондук администрациясынын имараты) сатып алса болот.

Белгилей кетсек, жарандардын жеңилдик берилүүчү категориялары үчүн жекече карта (пенсионерлер, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, почточулар) бекер берилет. “Тулпар” картасын алуу үчүн төмөнкүлөр керек:

- жеңилдик картасын берүү пунктуна келүү;

- өздүгүн  ырастоочу документти жана Бишкек шаарынын коомдук транспортторунда жеңилдик менен жүрүү укугун ырастоочу документти (пенсиялык күбөлүк, майыптыгы тууралуу күбөлүк)  көрсөтүүгө;

- жеринде сүрөткө түшүү;

- картаны алуу жана алууда кол коюу.