Эгерде сиз бак -дарактарды жакшы көрсөңүз жана жылдын акыркы жылуу күндөрүн пайдалуу өткөрүүнү кааласаңыз, анда бул мүмкүнчүлүк сиз үчүн!

Бизге тез арада шаардык бактарды инвентаризациялоого жардамчылар керек. Ар бир ыктыярчы  ар кандай жаңы көндүмдөргө ээ болот:

-Бишкек шаарында өскөн бардык дарактардын түрлөрүн үйрөнөсүз;

-Сизди өсүмдүктөрдү аныктоо программасын колдонууну толук үйрөтөбүз;

-Дарактарды каттоосун биринчилерден болуп баштайсыз, демек сиз досторуңуз менен биздин шаар үчүн маанилүү  жана кызыктуу процесске кошула аласыз;

- Шаар үчүн чоң жана маанилүү ишке кошумча болуу - бул жаңы досторду табуу жана өзүңүздүн тобуңузду чогултуу үчүн мүмкүнчүлүк!

- Бардык ыктыярчылар инвентаризациялоо иштерине катышкандыгы тууралуу сертификаттарга ээ болуп билим берүү мекемелерине тапшырышы мүмкүн.

Эгерде сиз ишке кирүүгө даяр болсоңуз , анда :

-Убактыңыздан 4 саат бөлүңүз- эртең мененки жумуш таңкы саат  9:00-12:00гө чейин же кечки жумуш 14:00-17:00гө чейин, 2 жума бою 13 сентрябрдан баштап 24-сентябрга чейин (ишемби жана жекшемби күндөрү эс алуу күндөрү).
-Android оперативдүк системасы жана мобилдик интернет байланышы бар уюлдук телефон.
-Командаларды түзүү жана даярдоо иштери  9-10 сентябрда саат 18:00дөн 20:00гө чейин өткөрүлөт.

Бул акция “Инициатива Арча” коомдук фонду тарабынан “Бишкек жашыл чарба” жана “Шаардык сейил бактар”  муниципалдык ишканалары менен биргеликте уюштурулду.

Катышуу үчүн  7-сентрябрга чеийн форманы толтуруңуздар:

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdiFJz24I2nybBUBqXk_HGxPcR3BVuDpJqTCrzV9mBONlmfnw/viewform?vc=0&c=0&w=1&flr=0

Мындай иштер жашыл мейкиндиктердин электрондук базасын түзүү үчүн жүргүзүлөт. Бул база ар бир дарактын жайгашкан жерин толук аталышы, турушу жана өсүшү боюнча толук маалымат менен колдонууга мүмкүндүк берет. Бул маалыматтар муниципалитетке жана бардык жарандарга жеткиликтүү болот.

Инвентаризацияда бак -дарактардын абалы жана аларга кам көрүү боюнча керектүү чаралар тууралуу маалыматтар берилет. Ушундан улам шаардык бак –дарактарга кам көрүүгө кеткен  каражаттарды алдын ала санап чыгуу  жана аларды багуу үчүн максаттуу бюджетти түзүү мүмкүн болот.

Эми шаардыктар  бак -дарактардын абалы боюнча ачык маалыматтарды көзөмөлдөп, керек болсо аларды кызыктырган дарактар боюнча пикирлерин айта алышат. Ар бир жаран сүйүктүү дарагына көз салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот!