2021-жылдын 5-сентябрында Бактуу-Долоноту айылында "Азия-тынчтыктын жана кызматташтыктын аймагы" деген ураан астында XX Эл аралык спорттук Ысык-Көл оюндарынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Ачылышка Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Токоноев да катышты.
Биринчи күнү, сууда сүзүү боюнча Бишкек шаарынын командасы тогуз байгелүү орунга ээ болушту:
- Шулико Владислав - 1 -орун (батерфлай стилинде жана чалкалап сүзүүдө)
- Букеев Султан - 1 -орун (брасс стилинде жана комплекстин сүзүү боюнча)
- Даниил Мистрюков - 2 -орун (эркин сүзүү стилинде)
- Сморкалова Екатерина - 1 -орун (брасс жана комплекстин сүзүү боюнча);
- Ким Арина - 2 -орун (брасс жана комплекстин сүзүү боюнча)
- Кутузова Виктория - 1 -орун (эркин сүзүү)
Эстафетада борбордун эркектер жана аялдар командалары да биринчи орунду ээлешти.
Мелдеш 12 -сентябрга чейин уланат жана 23 классикалык, ошондой эле, элдик дисциплиналар боюнча өтөт. Алардын арасында: армрестлинг, волейбол, гира көтөрүү, дартс, мини-футбол, мас-рестлинг, стол тенниси, аркан тартыш, сууда сүзүү, сумо күрөшү, массалык жеңил атлетика жарышы, бука тартыш, ордуктарды ташуу, кыргыз күрөш жана башкалар. Белгилей кетчү нерсе, пляж спорту боюнча бир нече турнирлер, анын ичинде пляж регби боюнча турнир биринчи жолу өткөрүлөт.
Мелдешке биздин спортчулар гана эмес, коңшу өлкөлөрдүн: Россия, Казакстан, Өзбекстандын спортчулары катышууда.