Борбор калаада мыйзамсыз объектилерди алуу иштери уланууда.
Биз жол куруу үчүн аймакты бошотуп, тоскол болгон объектилерди демонтаждоону улантып жатабыз. Матросов көчөсүнөн жолдун оңдоп куруу иштерине тоскол болгон узундугу 21 метр тосмо алынды. Жукеев-Пудовкин көчөсүндө тосмо, Тимура Фрунзе көчөсүндө капиталдык тосмо жана темир дарбаза алынды.
Биздин топ Орозбеков көчөсүндө чатырчаны алышты. Өз ыктыяры менен Жайыл Баатыр көчөсүндө эки капиталдык курулуштагы тосмо жана времянка, Панфилов көчөсүндөгү тосмо жана Түгөлбай-Ата көчөсүндөгү күркө демонтаждалды.
Ар бир бузулган объект шаардыктардын кызыкчылыгы үчүн! Бошотулган муниципалдык аймак эртең жаңы кооз сквер же тротурага айланат.