Свердлов районунда эмдөөгө арналган эки акция бир убакта өткөрүлдү.
“ГУМ” соода борборунун аянтында коронавирус инфекциясына каршы эмдөө боюнча "Жашооңузда эч кандай кыйынчылык болбойт - вакцина - бул сиздин иммунитет!" аттуу масштабдуу акция өттү. Акцияга Свердлов районунун 100дөн ашык дарыгерлери, ошондой эле Балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары катышты.
Жеңиш аянтында Свердлов районунун БҮМБнун 120 дарыгери жана медайымдары тарабынан "Биз вакцина үчүн!" лозунгу менен флешмоб уюштурулду. Лозунг дрондун жардамы менен бийиктиктен тартылган.
Урматтуу шаардыктар! Коопсуздук чараларын, социалдык аралыкты сактаңыздар, коомдук жайларда, коомдук транспортто беткап кийиңиздер, эл көп чогулган жерлерге барбаңыздыр, эмдөө алыңыздар. Эмдөө - коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуунун эң эффективдүү ыкмасы. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!