Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев И.Н.Ульянов атындагы Чуваш мамлекеттик университетине (Чебоксары шаары) өткөн социалдык жатакананын тарбиялануучуларына сертификаттарды тапшырды.

4 окуучуга 50 миң сомдук сертификаттар тапшырылды жана алар бюджеттик негизде окушат:
- Изяева Аян Токтогуловна - тарых жана география факультети;
- Александрова Виктория Александровна - радиотехника факультети;
- Кадырбек уулу Азамат - энергетика факультети;
- Талдыбеков Кубанычбек Талдыбекович - энергетика факультети.

Маалымдама: Социалдык жатакана жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга берилет.