"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын "Бишкекгаз" филиалынан билдиришкендей, 2021 -жылдын 7 -сентябрынан 10 -сентябрына чейин Бишкектин айрым райондорунда газ болбойт.

Газ Сухомлинов-Табалдиев  дарегиндеги жер астындагы газ түтүгүндөгү агып кетүүнү жоюуга байланыштуу өчүрүлөт. 10 миң 955 абонент көгүлтүр отунсуз калат.

Өчүрүү аймагы: Жал кичи району, Садырбаев - Гагарин - Мир - Пожарский - Медеров - Абай - Ахунбаев - Ташкумырская - Ажыбек Баатыр көчөлөрү.

Компания келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.