Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз объектилер менен күрөшүүнү улантууда.

Биздин топ Каралаев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде муниципалдык аймакты желимдөө жайынан бошотту. Керимов көчөсүндөгү времянканы дагы алып жетишти. Жукеев-Пудовкин көчөсүндө тосмо демонтаждалды.

Түшүндүрүү иштеринен кийин Чортеков көчөсүндө 7 капиталдык тосмо жана 1 жеңил конструкция алынып,  Тунгуч кичи районунда тандыр ээлери тарабынан алынып салынды.

“Көк-Жар” конушунда Калмурзаев көчөсүндө тосмо алынды.

Кривоносов көчөсүндө жолду оңдоп- түзөө иштерине тоскоол болгон эки үйдүн бөлүгү алынды. Ошондой эле Жайыл Баатыр көчөсүндө: үч капиталдык дубал, бир үйдүн бөлүгү, мончо жана дүкөн алынды.

Муниципалдык аймакты Тунгуч кичи районунда  №36 үйдүн жанындагы павильон дагы бошотту.