Бишкек шаарынын Биринчи май районунун башчысы Нусувалиев Максат Орозбекович шаардык кызматтардын жана “Жаны Мезгил” коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн катышуусунда «Бугу-Эне-Багыш» жаңы конушунда көчмө жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун катышуучулары жер тилкелери, электр энергиясын камсыздоо жана конушту көрктөндүрүү боюнча маселелерин талкуулашты.
Башчыга “Жаны Мезгил” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча токтом чечимин алуу маселеси менен кайрылышты, ал эми башчы Максат Нусувалиев сөз кезегинде, райондор аралык бөлүнгөн квота боюнча конуштагы 1420 жер тилкеси кезекте турган жарандарга бөлүштүрүлгөндүгүн билдирди.
Жарандар райондук администрациянын токтомунун негизинде, “Кадастр” ММге жер тилкелерин каттоого кайрылышат жана бүгүнкү күнгө карата 700дөн ашык жер тикелери каттоодон өткөн.
Эгерде жарандарда укук белгилөөчү документтери жок болсо, анда аларда жер тилкеге ээлик кылууга укуктуу боло алышпайт.
Жолугушуунун жыйынтыгында башчы “Түндүкэлектр” ААКсы менен электр энергиясын керектөө боюнча келишим түзүү тапшырмасын берди.
Андан тышкары, бүгүнкү күндө жаңы конуштун аймагында 103 темирбетон тирөөчтөрү орнотулган, кубаттуулугу 630 кВт түзгөн 1 ГКТП жана 4,5 км түзгөн СИП (обочолонгон электр зым) өткөрүлгөн, транформатордук көмөк чордонго кошулуу иштери аяктады.
Келишим түзүлгөн соң “Бугу-Эне-Багыш” жаңы конушунун жашоочулары электр энергиясы менен камсыз болушат.
Жаңы конуштун жол маселеси, бүгүнкү күндө 1 км узундукту түзгөн борбордук көчөлөргө шагыл төшөлүп, башка көчөлөрдү грейдер менен түздөтүү иштери жүрүп жатат.
Район башчысы жашоочулардын маселелерин кыска мөөнөттөө чечүүнү тапшырды.