“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуучу жайды жаңыртышты.

11 вазон, 8 чоң жана 12 кичинекей отургучтарды атайын жыгачтан жасалган буюмдарды бекемдеткен сыр менен сырдашты.
Шаар тургундарына кайрылабыз!

Абайлаңыздар! Сырдалган  жерлер кургай элек жана ошону менен бирге сиздерден муниципалдык мүлктөргө аяр мамиле кылууңуздарды суранабыз!

Эгер сиздер эрежени бузууга күбө болгон болсоңуздар, 102 милицияга дароо кайрылууңуздарды өтүнөбүз.