Ленин акимияты коронавируска каршы эмдөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин улантууда.

Ленин райондук билим берүү борбору №11 ҮМБнын дарыгерлери, иммунолог жана үй -бүлөлүк дарыгер менен биргеликте №2 жана №13 орто мектептердин мугалимдер жамааты үчүн түшүндүрүү иштери жүргүздү.

Жолугушууда мугалимдерге вакциналардын: "Sinopharm" жана "Sputnik-V" айырмасы тууралуу түшүндүрмөлөр берилип, терапевтке баруу, ден соолукка байланыштуу беткап кийүү жана эмдөө боюнча сунуштар айтылды.

Эмдөө коэффициенти төмөн (30%дан төмөн) Ленин районунун жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки уюмдарынын мугалимдери үчүн бул жолугушуулар 4 -сентябрга чейин өткөрүлөт.

Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору!  Сиздерден санитардык -эпидемиологиялык стандарттарды жана талаптарды сактоону,  беткап кийүүнү, аралыкты сактоону, антисептик колдонууну жана имаратты  желдетип турууну суранабыз:

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!