Алдыда 10 күн,   андан     кийин  биз  өлкөбүздүн    Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесин белгилейбиз.

Биз шаарыбыз жана шаардыктар жөнүндө аңгемелерди улантабыз. Бүгүн болсо, Саетов Азгам Саетгалиевич менен Сашенкина Александра Владимировна аттуу жарандарыбыздын махабаты жөнүндө айтып бермекчибиз.

Саетов Азгам Саетгалиевич менен Сашенкина Александра Владимировна Карылар үйүндө таанышып, тез эле тил табышып, бири-бирин жарым сөздөн түшүнө алышкан.

Күндөрдүн биринде Александра Владимировна бакта гүлдөр менен алектенип жүргөндө, көпкө чейин чечкиндүү кадамга бара албай жүргөн Азгам Саетгалиевич анын артынан көз салып турчу, ушул күнү ал сүйгөнүнө жакшы сөздөрдү айтып, жактырып жүргөндүгүн билдирип, өзүнүн колун жана жүрөгүн сунуш кылат. Ал эми Александра Владимировна дароо эле жооп бербей, кечке чейин ойлонуп көрөөрүн билдирген. Азгам Саеталиевич үчүн ал күн кылымдай узун болот,  акыры Александра Владимировна “Макул” деген сөзүн айткан.

2018-жылы экөө үйлөнүшөт. Ошондон бери алар чогуу жашашат, бири-бирин дайыма колдоп, сыйлап, кам көрөт. Үй-бүлөнүн башчысы  катары Азгам Саеталиевич бардык маселе боюнча жардамын берет, аялынын айтуусу боюнча, ал аябай тартиптүү жана камкор. Ал эми Александра Владимировнаны күйөөсү аябай таза, тыкан үй кожейкеси, ошондой эле  жүрөгү таза, ачык адам катары мүнөздөйт жана тамакты даамдуу бышыраарын, өзүн дайыма жакшы алып жүрөөрүн белгилейт. Кечинде алар чогуу телевизор көргөндү жакшы көрүшөт, таза абада эс алууга чыгышат.

Алар өздөрүнүн баштарынан канчалык оор жашоо-турмушту кечиргендигине карабастан,  бири-бирин табышкан эң бир үлгүлүү үй-бүлөлөрдөн болуп эсептелет.

Биз аларга суктануу менен карайбыз. Узун өмүр жана бекем ден-соолук каалайбыз.