Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев ишемби күнү шаардыктар үчүн жеке кабыл алуу өткөрөт.
Кабыл алуу 10:00дөн 14:00гө чейин жазылуу жолу менен жүргүзүлөт.
Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз мэрдин жеке кабыл алуусуна жазылууну кааласаңыз, Чүй проспектиси №166 (бирдиктүү терезе) дарегине кайрылыңыз. Жазылуу үчүн паспорт жана башка документтер керектелет. Сурап билүү жана кошумча маалымат: 61-07-05.