Борбор калаанын мэриясы компьютер клубунда жашоого аргасыз болгон 15 жаштагы Никита аттуу бала тууралуу билдирет.

Жашы жете элек баланын айтымында, ал буга чейин Бишкек шаардык мэриясынын Балдар жана жаштар реабилитациялык борборунда жашаган, борбор жабылгандан кийин апасы аны алып кеткен. Бирок ал апасынын азыр кайда экенин билбейт.

Биринчи май районундук  социалдык өнүктүрүү  башармалыгынын кызматкерлери  өспүрүмдүн жүргөн  жерге барышкан. "Магнит" унаа жуучу жайдын администратору менен сүйлөшүү учурунда, жашы жете элек бала бир жумадан бери келбегени белгилүү болду. Кийинчерээк Никитаны Биринчи май РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан табылган.

Бала менен сүйлөшкөндөн кийин анын аты Вадим Александрович Колесник , 2007-жылы туулгандыгы тууларуу аныкталган. Вадим июль айында  Военно-Антоновкадагы балдар үйүнөн качып кеткени белгилүү болду. Бишкек шаардык мэриясынын Биринчи май  райондук  социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын   Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн  кызматкери мындай учурларды алдын алуу боюнча жашы жете элек В.А.Колесник менен профилактикалык маек жүргүздү.

Бүгүн, 17-августта, ал Военно-Антоновка балдар үйүнүн директорунун орун басары  Т.Н. Асаналиевге  Чүй облусунун Сокулук районунун социалдык өнүктүрүү башкармалгынын Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнө жашы жете электи көзөмөлгө алуу боюнча өтүнүчү жөнөтүлдү.

Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде жашы жете элек бала толук мамлекеттик колдоо  үчүн мекемеге дайындалган. Ал Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусу.

Мындан тышкары, баланын энеси спирт ичимдиктерин көп ичкен, эч жерде иштебей, кайыр сурап, балдарды таштап кеткендигинен улам үч уулунан ата-энелик укуктарынан ажыратылгандыгын, атасы жөнүндө маалыматтар  такыр жок экенин билдиребиз. Бала интернаттан бир нече жолу Бишкек шаарына качып жана компьютердик оюндарды ойнош үчүн кайыр сурап жүргөн. Мисалы, бул жылы ал буга чейин компьютер оюндарын ойноо үчүн 2 жолу качып кеткен.