Ленин акимчилиги райондук Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы жана Бишкек шаарынын Патрулдук милиция кызматы менен биргеликте Ош базарынын жанында мыйзамсыз унаа токтотуучу жайларга жана 2020-2021-жылдарга карата 4-группадагы транспортко салыктын тɵлɵнүшү боюнча рейд уюштурду.

Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишинде жүргүзүлгөн рейддик текшерүү учурунда Ленин райондук Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы тарабынан 24000 миң сомго 8 протокол түзүлгɵн. Ошондой эле, такси кызматтарынын патенттери текшерилген.

Мындан тышкары, жумушчу топ автоунаалардын ээлери менен базардын аймагында мыйзамсыз токтотуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Бул багыттагы иштер уланууда.

Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору!
Транспортко болгон салыкты 2021-жылдын 1-сентябрына чейин төлөөнү унутпаңыздар!