Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстары башкармалыгында жеңил типтеги объектилер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерине ижара укуктарын берүү боюнча комиссиянын пландуу жыйыны өттү.

Анда 87 маселе каралып, анын 56сы жалпы аянты 1817,2 чарчы метрди түзгѳн  393634,7 миң сом суммасындагы ижаралык келишимдер түзүлдү.

Октябрь районунда 9, Биринчи май районунда- 12, Свердлов районунда - 11 жана Ленин районунда- 22 келишим түзүлдү.

Ири ижарачы менен жалпы аянты 261,2 чарчы жер тилкесин, 175 968 сомго эки ижара келишими түзүлдү.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Сиздерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдалангандыгы үчүн ижара акысын өз убагында төлөөнү суранабыз.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстарын башкармалыгына Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246, телефон: (0312) 45-42-73 дареги боюнча кайрылсаңыздар болот.