Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Жер казуу иштеринде эрежелерди бузуу учурлары көп каттала баштады.  Жолдо булганган издер менен «Эмарк Групп» курулуш компаниясы тарабынан бузуу фактысы катталып, аларга 119-берененин 2-бөлүгү менен 17 миң сом айып салынды. Ал эми К.Карашов жана Б.Нааматбеков аттуу тургундар Темирчиков жана Бородин көчөлөрүндөгү жолду бузушкандыгына байланыштуу 119-берененин 1-бөлүгү менен 5500 сом айып төлөшөт.

Курулуш материалдарын жол тилкесинде жана ага чектеш аймакта чыгаргандыгы үчүн 71-берененин 2-бөлүгүнө ылайык "Мерибел Текстил Иншаат" курулуш компаниясына жана шаар тургуну А.Орозбаевага 7 миң 500сомдон 23 миң сомго чейин протокол түзүлдү. Бирок шаар эрежесин бузуучулар күнөөлөрүн мойнуна алышкан эмес, акыркы чечим административдик комиссияга өткөрүлүп берилди.

"Оптима Фарм", "Эмаком" компаниялары айланадагы тазалыкты сактаган эмес.  Бул үчүн аларга КРнын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 70-беренесине ылайык 13 миң сом айып салынды.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана мекемелер!  Сураныч!  Үйлөрдүн, кеңселердин жанында тазалыкты сактаңыз, таштандыларды белгисиз жерлерге ыргытпаңыз жана өрттөбөңүз, анткени борборду жакшыртуу эрежелерине ылайык, БААРЫБЫЗ (!) 10 метр аралыктагы аймакты таза кармоого милдеттүүбүз.