Мелдешке Бишкек шаарынын футбол клубдарынын жана спорт мектептеринин 2004-2005-жылы туулган спортчулары катышат. Оюндар эки: «А» жана «В» тайпада өтөт.

Иш-чара Нурлан Ниязалиевдин жаркын элесин түбөлүккө калтыруу, ден соолукту бекемдөө жана өсүп келе жаткан муунду дене тарбияга даярдоо, ошондой эле, күчтүү футболчуларды тандоо максатында өткөрүлөт.
Аталган иш-чараны Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети өткөрүүдө. Мелдеш 21-ноябрга чейин улантылат.