Дизайн фестивалы Кыргызстандын бардык дизайнерлери, ошондой эле, дизайнга кызыккан бардык жаштар жана студенттер   чогулган интерактивдүү аянт болуп эсептелинет.


Фестиваль бир нече багытта уюштурулуп, билим берүүчү программа болуп саналат.  Аталган иш-чарага Борбордук Азиянын жана чет өлкөнүн алдыӊкы дизайнерлери катышат.


21-ноябрдан 22-ноябрга чейин Г.Айтиев атындагы музейде Кыргызстан, Казакстан жана Турциянын эксперттери тарабынан семинарлар, лекциялар жана мастер класстар өткөрүлөт. Ар түрдүү багыттагы: кийим, сүрөт, графикалык дизайн, буюмдардын дизайны жана анимация жана башка дизайндар боюнча 15 ийшиликтүү дизайнерлер чакырылды.


Мындан тышкары, «Анти-Гламур против Гламура»  аталышта көргөзмө өткөрүлөт.


Маалымат: 2014-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда биринчи дизайн фестивалы өткөрүлгөн. Анда Америка, Казакстан жана Өзбекстандын спикерлери катышкан.