Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык муниципалдык ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүүнү улантууда.
И.Арабаев атындагы улуттук университетинин кайрылуусу боюнча №3 корпустун жанындагы соода павильондору демонтаждалды, башка объектилер боюнча иштер уланууда.
Малдыбаев көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган павильон демонтаждалды.
Свердлов районунда 60тан ашуун жарнамалык конструкциялар жана 3 күч сыноочу аппарат алынды. Октябрь районунун 40 жарнамалык конструкциялары дагы алынды.
Тушүндүрүү иштеринен кийин “Ак-Орго” конушунда Ашар көчөсүндө өз ыктыяры менен капиталдык тосмо алынды. Кара-Жыгач кошунунда түшүндүрүү иштери нен кийин тосмо алынды. “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында тоскоол болгон объектилерди алуу иштери уланып жатат. Жукеев-Пудовкин көчөсүндө эки тосмо демонтаждалды.