Свердлов районунун аймагында эмдөө маселеси боюнча калк менен жолугушуулар уланууда.
Райондун дарыгерлери №20 МАБнын № 9, 10, 12, 14, 1 5 жана №21 МАБнын "Дордой", "Дордой -2" кварталдарынын жашоочулары менен түшүндүрүү боюнча маектешүүлөрдү жүргүздү. Ошондой эле айрым мугалимдердин жайкы каникулдан чыгуусуна байланыштуу, №4, 10, 11, 12, 23, 65, 67, 76, 30 мектептердин мугалимдер жамааты үчүн түшүндүрүү иштери.
Түшүндүрүү боюнча маектешүүлөр ДСК "Азат" жана"Аалам" жеке компанияларынын кызматкерлерине да өткөрүлдү.
Эскерте кетсек, шаардык муниципалитет ишкерлерге жана ишканаларга кызматкерлер үчүн алгачкы эмдөөлөрдү уюштурууга жардам берүүгө даяр. Ал үчүн каалоочулардын тизмесин райондук администрацияга тапшыруу керек, 53-15-83 телефону аркылуу байланышыңыз.
Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы бардык сактык чараларын көрүүгө жана коомдук жайларда, транспортто беткап кийүүгө, социалдык аралыкты сактоого, эл көп чогулган жерлерге барбоого жана эмдөөгө чакырат. Эмдөө - коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуунун эң эффективдүү ыкмасы. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!