Биринчи май райондук администрациясынын башчынын биринчи орун басары Сатыбек Каныбековдун жетекчилиги астында МАБдардын жетекчилери жана райондук кызматтардын башчылары менен кезектеги пландык кеңешме өттү.
Катышуучулар борбор калаада коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды, ошондой эле "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын жашыл аянттарды сугаруу боюнча жүргүзгөн иштерин талкуулашты.
Биринчи май районунун БҮМБ директоруна күн сайын калк арасында коронавирустук инфекциянын таралышына мониторинг жүргүзүү жана анализдөө, МАБдардын жетекчилерине илдет менен күрөшүү боюнча иштерди күчөтүү, ошондой эле калкты COVID-19га каршы вакцинаны алуу зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү тапшырылды.
Экономика жана финансы бөлүмү санитардык -эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоо үчүн ишкердик субъекттеринде рейддик иш -чараларды өткөрүү боюнча иштерди көзөмөлгө алат.
Биринчи май районунун "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын агрономуна жашыл аянттарды өз убагында сугаруу, ошондой эле райондогу бак -дарактарды санитардык кыркуу иштерин жүргүзүү, райондук ички иштер башкармалыгына МАБдар менен биргеликте шаардын борбордук бөлүгүндөгү электр тармактарына мыйзамсыз кошулуу фактыларын аныктоо тапшырылды.