Бишкек троллейбус башкармалыгы коомдук транспортто санитардык -эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыздоо үчүн рейддерди улантууда.
Айдоочуларга беткап жана дезинфекциялоочу каражаттардын зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Санитардык рейддер башкармалыктын жетекчиси Т.Капаровдун жетекчилиги алдында өттү.
Белгилей кетсек, рейддер үстүбүздөгү жылдын 2 -февралынан бери борбор калаадагы эл көп жүргөн аялдамаларда жүргүзүлүп келет. Бүгүнкү күндө 128 троллейбус текшерүүдөн өттү.
Биз айдоочуларга жана шаар тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Транспорт кызматкерлерине дезинфекциялоочу каражаттар жана беткаптар берилет. Ошондой эле, күнүнө 3 жолу санитардык тазалоо атайын жабдуулардын жардамы менен жүргүзүлөт жана ар бир каттамдан кийин нымдуу тазалоо өткөрүлөт.
Урматтуу жүргүнчүлөр! Бишкек шаарынын мэриясы этият болууга жана коомдук транспортто беткап кийүүгө, антисептик колдонууга жана эмдөөгө чакырат. Эмдөө - коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуунун эң эффективдүү ыкмасы. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!