3-августка карата борбор калаада 1247 адам коронавирус илдетинен сакайды.
Жаңы катталган коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын саны 445 учурду түздү, алардын ичинен 383 шаарда каттоодо турган жарандар: Ленин району - 201, Биринчи май району - 59, Октябрь району - 52, Свердлов району - 71. Шаарда каттоосу жок - 62. Жалпы учурлардын ичинен 270 учур белгилери бар, 175 учур белгилери жок, 378 учур амбулатордук дарыланууда, 67 учур стационарда дарыланышууда.
Тилекке каршы, 5 өлүм учуру катталды.
Урматтуу шаардыктар! Сиздердин жоопкерчилигиниздер үчүн рахмат. Көпчүлүк шаардыктар оорунун кичинекей белгилери байкалса, дароо медициналык кеңеш же жардамга кайрылып, өзүн-өзү обочолоодо. Биз бирге жеңебиз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз.
Сиздерден бардык коопсуздук чараларын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоону суранабыз: бет кап кийип, антисептиктерди колдонуп, колду бат-баттан жууп, бөлмөнү желдетип туруңуздар. Биз бирге жеңебиз!