Свердлов районунда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоо боюнча рейддик иш-чаралар активдүү жүргүзүлүп жатат.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана Муниципалдык администрациянын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топ ишкердиктин субъектилеринин арасында санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышы боюнча рейд өткөрдү.
Рейддик текшерүү учурунда «Баку» рестораны санитардык нормаларды сактабагандыгы жана көңүл ачуу мекемелерине уруксаат болгон деңгээлден ызы-чуунун деңгээлинин ашып кеткендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренесине ылайык 3 миң сом айып пул салынды.
Урматтуу ишкерлер, шаардыктар! Өтүнөбүз! Санитардык эрежелерди сактаңыздар! Колдоруңуздарды таза кармаңыздар, аралыкты сактаңыздар жана эмдөөдөн өтүңүздөр. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!