Күн сайын муниципалитеттин санитардык-экологиялык инспекциясы шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш алып барууда.
Көк-Жар конушундагы турак жайдын айланасындагы антисанитардык абал үчүн "Ригел" компаниясына 70-берене менен 13 миң сом айып салынган. Ушул эле берене менен шаар тургуну Г.Сыдыковага Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан 192 үйдүн айланасындагы башаламан таштанды үчүн 3 миң сом өлчөмдө айып пул салынды.
Көп кабаттуу үйлөрдү көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Балтагулов көчөсү 2 / 3 үйдүн жашоочусу А.Чаргымбаева 66-берене менен 3 миң сом айып төлөйт.
Жолдордогу өндүрүштүн талаптарын бузгандыгы үчүн "Шынкыйюань Фрунзе" компаниясы 119-1 берененин 1-бөлүгүнө ылайык 23 миң сом айып төлөйт.
Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана мекемелер! Сураныч! Үйлөрдүн жана кеңселердин жанында тазалыкты сактаңыз, белгисиз жерлерге таштандыларды ыргытпаңыз жана өрттөбөңүз. Туулган шаарыңызга аяр мамиле кылыңыз!