Ленин районунун акиминин орун басарынын телефонуна 201 кайрылуу келип түшкөн. Алардын аткарылганы 165 кайрылуу, 26 кайрылуу райондорду алмаштырып алган, 8 кайрылуу сунуш катары, 2 кайрылуу «Тазалык» жана «Жашылдандыруу» мекемелерине жөнөтүлдү.


Октябрь району боюнча 504 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен: 398 кайрылуу аткарылды, 1 шаар тургуну районду алмаштырып алган, 10 кайрылуу иштелүүдө.
Биринчи май райондук администрациясына 251  кайрылуу келип түшкөн, алардын бардыгы аткарылды.


Свердлов районуна 128  кайрылуу келип түшкөн, аткарылганы 72  кайрылуу, 2 тургун райондорду алмаштырып алышкан, 21 арыз учурда иштелүүдө.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан чыгарылбаган таштандылар боюнча төмөндөгү номерлерге кайрылууларын суранат:


Азимбаев Мирлан Абылкаирович (Ленин  району) — 0556 25-05-82;

Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0777 55-22-11;

Омукеев Акматалы Абдымаликович (Биринчи май  району) — 0771 57-71-82;

Шакитов Сагынбек Усеналиевич (Свердлов  району) — 0773 56-73-70.