12-июлда Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Жалын" жайкы эс алуу лагерине Биринчи май районундагы жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын кезектеги агымы, 65 балага жөнөтүлдү.
Жетим, жарым жетим балдар, ата-энелери мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары эс алууга кетишти.
Райондун жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга жолдомону бөлүштүрүү жана арыздарды кароо боюнча комиссия өткөрүлүп, биринчи агымга 65 арыз каралды.
Жай мезгилинде балдардын эс алуусун, ден-соолугун чыңдоо максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан билим берүү уюмдарына жалпысынан 437 жолдомо бөлүнгөн.