Коронавирустук инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу боюнча профилактикалык чараларды көрүү максатында Октябрь районунун мобилдик тобу рейд өткөрдү.
Мобилдик топ райондун калкты тейлөө борборуна рейд жүргүздү.
Коомдук жайларда аралыкты жана беткап режимин сактоо боюнча шаар тургундары менен түшүндүрүү иштерин өткөрдү.
Урматтуу шаардыктар! Санитардык эрежелерди сактоону суранабыз! Пандемия али бүтө элек, Ооруну жеңдик деп айтууга дагы эрте!
Беткап тагынып, гигиенаны жакшыртып, аралыкты сактаңыздар. Инфекциядан сактануу кыйынга турбайт.
Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!