Октябрь районунун акими Данияр Арпачиев кезектеги пландык жыйынын өткөрдү.

Жыйында №10- МАБтын жана Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын даректүү социалдык жардам көрсөтүү боюнча 5 ай ичинде аткарган иштеринин отчеттору каралды.

Жолугушуунун соңунда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун тапшырмасына ылайык, МАБтын башчыларына райондун социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.

Ошондой эле, "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы менен биргеликте тиешелүү аймактардагы жашыл аянттарды сугаруу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү тапшырылды.

Октябрь районунун башчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Айтакунов жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Октябрь району боюнча башкармалыгы жергиликтүү бюджетке салыктарды жана жыйымдарды чогултуу боюнча ишти күчөтөт.

№6- Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору райондук МАБтардын жетекчилери менен биргеликте COVID-19 инфекциясынын жайылышын алдын алуу иштерин күчөтүп, эл көп чогулган жерлерде санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана талаптардын сакталышы боюнча тынымсыз рейддерди өткөрүп турушат.

Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысына турмуштук оор кырдаалга туш болгон жана каттоодо турган эмгекке жарамдуу жарандарды жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды.