7-июлга карата Бишкекте коронавирус инфекциясы менен ооруган 74 жаран шаардын жашоочулары эмес экени аныкталды, алар борбордун статистикасына тест тапшырган жер боюнча киргизилди.
Бишкекте бардыгы болуп 717 учур катталган. Алардын ичинен 643 шаарда каттоодо турган жарандар: Ленин району – 230, Биринчи май району – 139, Октябрь району – 138, Свердлов району – 136.
695 учур белгилери бар, 22 учур белгилери жок, 690 учур амбулатордук дарыланууда, 27 учур стационарда дарыланышууда.
Каза болгондор – 4, айыккандардын саны - 358 адам.
Урматтуу шаардыктар жана Бишкек шаарынын меймандары! Шаарда эч кандай белгилери жок, шек санабай илдетти алып жүргөндөр көп. Сиздерден бардык коопсуздук чараларын, санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды жана талаптарды сактоону суранабыз: маска кийип, антисептиктерди колдонуп, колду бат-баттан жууп, бөлмөнү желдетип туруңуздар.