Бишкек шаарына  Ала-Арча дарыясынан  1 куб суу, Аламүдүндөн - 0,8 куб суу,  Чыгыш Чоң Чүй каналынан - 1,8 куб суу сугат үчүн келди.

Биринчи май районунда сугат: Ч.Айтматов проспектиси Манас Кыргыз-Түрк университетинен Чүй проспектисине чейин,

Планетарий, Панфилов, Разаков, Чүй, Эмен паркы, Эркиндик бульварында жүргүзүлдү.

Октябрь районунда: Каралаев көчөсү 4-кичи район, Физкультурный сейил багы, Байтик Баатыр көчөсү, Адинай паркы, Ынтымак 2 паркы, Масалиев проспектиси сугарылды.

Свердлов районунда:  7-апрель көчөсүндөгү бакчада, Чолпон-Ата көчөсүндө,  Ибраимов көчөсүндө кудук аркылуу бөлүүчү тилкеде, Достоевский көчөсүндө, ал эми  Ленин районунда: Мамлекеттик резиденцияга жакын сейил бакта, Семетей көчөсүндө сугат иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, атайын унаалар менен шаардын 4 районунда сугат иштери жүргүзүлдү.