Иш-чаранын алкагында Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Райондук билим берүү борборунун директорунун милдетин аткаруучу, Биринчи май районунун ИИБ башчысы, райондун прокурору, УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте №48 мектеп-гимназиясынын жана №61 автордук физика-математикалык лицей-мектебинин окуу комплексинин окуучулары менен жолугушту.


Аталган жолугушууда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн канча жаштан жана кайсы берене боюнча жазага тартылары, терроризм жана диний экстремизмди алдын алуу, насвай    жана тамекинин зыяндуулугу тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.


Аталган багыттагы иш-чараларды райондун жетекчилиги көзөмөлөөдө.