Ленин районунун акими Мурат Осмонов Кыргыз тилдер жана маданият институтунун ректору Рью Мин мырза менен жолукту.

Жолугушууга райондун орто мектептеринин директорлору жана Кыргыз тилдер жана маданият институтунун өкүлдөрү катышты.

Коноктор директорлорду институттун билим берүү тутуму,  адистиктер, кабыл алуунун артыкчылыктары жана шарттары менен тааныштырышты, ошондой эле институттун тарыхы жана жетишкендиктери жөнүндө презентация көрсөтүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Рью Мин катышуучуларга убактысы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташтыкка үмүт артарын билдирди.